super.kg logo
  Спорт  

Абу-Дабиде мушкерлер Усман Нурмагомедов менен Мераб Двалишвили мушташа кетишти (видео)

 
Жеңил салмактагы PFL уюмунун учурдагы чемпиону, орусиялык мушкер Усман Нурмагомедов жана анын командасы кечээ, 11-ноябрда Абу-Дабидеги мейманканалардын биринде UFC уюмунун мурдагы чемпиону, грузиялык Мераб Двалишвилиге кол салды. Окуянын видеосу интернет желесине тарады.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, Нурмагомедов грузиялык мушкерге кол салганы үчүн бир жылга чейин эркинен ажыратылышы же болжол менен 2700 доллар өлчөмүндө айып пул төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу спорт басылмалары жазышууда.

Маалыматка караганда, Бириккен Араб Эмираттарынын мыйзамдарына ылайык, Нурмагомедовду жоопкерчиликке тартуу үчүн Мераб Двалишвилинин арызы талап кылынбайт. Кол салууну тастыктаган видео далилдердин өзү эле жетиштүү болот.
"Учурда полиция Усман Нурмагомедовду жана окуяга тиешеси бар башка катышуучуларды суракка ала баштады. Мындан тышкары, БАЭ мыйзамдарына ылайык, үч же андан көп адамдан турган топ менен кол салуу жазаны оорлотуучу жагдай болуп саналат",- деп белгиленди маалыматта.

Белгилей кетсек, Двалишвили 14-ноябрда Абу-Дабиде өтө турган RAF лигасынын турниринде эркин күрөш эрежелери боюнча UFC'нин дагы бир мушкери Марлон Мораеске каршы беттешке чыкмак.





Абу-Дабиде Усман Нурмагомедов мушкер Мераб Двалишвилиге кол салганы айтылууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: