super.kg logo
  Спорт  

Арсен Венгер ФИФАнын президенти болууга талапкерлигин коюшу мүмкүн

 

Франциялык белгилүү машыктыруучу, “Арсенал” футболдук клубунун мурдагы башкы машыктыруучусу Арсен Венгер Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти кызматына талапкер болушу мүмкүн. Бул тууралуу L’Equipe басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, Венгер жакынкы күндөрү президенттик шайлоого катышуу-катышпоо боюнча акыркы чечимин кабыл алышы керек. Анткени шайлоого катышууну каалагандардан арыздарды кабыл алуу 18-ноябрга чейин уланат.

Венгер 2019-жылдан бери ФИФАда футболду глобалдык өнүктүрүү боюнча жетекчи болуп иштеп келет. Ал уюмдун учурдагы президенти Жанни Инфантинонун мүмкүн болгон атаандашы катары каралууда.

Маалыматка ылайык, Европанын футбол жетекчилеринин айрымдары Венгердин талапкерлигин колдоого кызыкдар. Алар ФИФАнын жетекчилигине башка талапкерди сунуштоо мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат.

Венгердин талапкерлиги тууралуу сөздөр ФИФАнын жетекчилигинде өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деген талкуулар күчөгөн маалда пайда болду. Буга чейин ал Инфантинонун дүйнөлүк чемпиондукка байланыштуу коммерциялык долбоорун сынга алган. Венгер долбоордон баш тартуу туура чечим болгонун айтып, ФИФАнын көз карандысыздыгын жана ачык-айкын иштешин колдой турганын билдирген.

ФИФАнын президенттигине шайлоо 2027-жылдын 18-мартында Марокконун Рабат шаарында өтөт. Талапкер катары катталуу үчүн улуттук футбол ассоциацияларынын кеминде бешөөсүнүн колдоосун алуу зарыл.

Азырынча Венгер шайлоого катышары тууралуу расмий билдирүү жасай элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: