Кыргызстандык спортчу Сайкал Мамашарипова Орусиядагы эл аралык мелдеште эки медаль жеңди
Кыргызстандык спортчу Сайкал Мамашарипова Орусиянын Новосибирск шаарында өткөн спорттук гимнастика боюнча эл аралык мелдеште эки медаль жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.
Маалыматка караганда, мелдеш 2-7-ноябрь күндөрү өтүп, ага бир катар өлкөлөрдүн спортчулары катышты. Анын жыйынтыгында Мамашарипова таянып секирүү боюнча күмүш, эркин көнүгүүлөр боюнча коло медалга ээ болду.
"Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Айбек Айдарбеков мелдештин ачылыш аземине катышып, кыргызстандык гимнасттар жана машыктыруучулар менен жолугушту. Жолугушууда спортчудардын даярдыгы жана аларга колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды",- деп кошумчаланды маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:49
2026-11-12
17:38
2026-11-08
10:57
2026-11-08
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















