super.kg logo

Бишкекте онлайн-казино уюштурууга келген чет өлкөлүктөр кармалышты (видео)

 

Бишкекте онлайн-казинолор аркылуу акча операцияларын жүргүзгөн 4 чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу кечээ, 17-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сентябрь айынын аягында 4 чет өлкөлүк жаран Кыргызстанга келген. Уюлдук телефондорго чет өлкөлүк банктардын биринин мобилдик тиркемелерин орнотуп, алар банк карталарын туташтыруу жана каржы операцияларын жүргүзүү үчүн техникалык терминал катары колдонушкан.

"Топтун ишмердүүлүгү мыйзамсыз онлайн кумар оюндарына (Gambling-трафик) байланыштуу болгон. Алар уюлдук телефондорго орнотулган банк тиркемелери аркылуу интернет-казинонун катышуучуларынан акча кабыл алып, утуштарын кайра которуп турушкан. Натыйжада шектүүлөр мыйзамсыз төлөм каналын камсыздап келишкен. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренеси (Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу) боюнча кылмыш иши козголду",- деп айтылат маалыматта

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөр жашаган батирлерге тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда 22 уюлдук телефон жана үч даана компьютердик техника табылган. Шектүү катары 2004-жылы туулган А.К. жана Л.Н., 2003-жылы туулган Ж.С. жана 2010-жылы туулган А.З. аттуу чет өлкөлүк жарандар кармалышты.
Кийинчерээк шектүүлөрдүн бири кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн милиция кызматкерлерине пара сунуштаган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде (Пара берүү) менен өзүнчө кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери уланууда.






Бишкекте онлайн-казинолор аркылуу акча операцияларын жүргүзгөн чет өлкөлүктөр кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: