Аргентинада дарбазачынын жанында фейерверк жарылып, футбол токтотулду (видео)
Аргентинанын футбол боюнча экинчи лигасында дарбазачынын жанында фейерверк атылып оюн токтотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя 15-ноябрда Пуэрто-Мадрин шаарындагы "Абель Састре" стадионунда болгон. "Депортиво Мадрин" жана "Депортиво Майпу" командаларынын беттеши учурунда дарбазачы Науэль Галардинин жанында фейерверк жарылган. Натыйжада ал оюн талаасында жыгылганын көрүүгө болот.
Оюн 81-мүнөттө токтотулуп, 52 мүнөттөн кийин калыс беттешти биротоло токтотууну чечкени маалым болду.
Дарбазачыга оюн талаасында биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ал шаардык ооруканага жеткирилгени кабарланды.
Аргентинада дарбазачынын жанында фейерверк жарылып, оюн токтотулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:18
2026-11-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















