super.kg logo

Хабиб Нурмагомедов абактагы инисин бошотуп чыкты (видео)

 

ММА мушкери Хабиб Нурмагомедов Абу-Дабиде бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, тууганы Усман Нурмагомедовду жана анын командасын абактан бошотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Хабиб алгач UFC жетекчиси Дана Уайтка кайрылган, бирок андан жардам болгон эмес. Ал эми Хабибдин БАЭнин бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында команданын бир бөлүгү 15-ноябрда, Усман Нурмагомедов 16-ноябрда бошотулганы маалым болду.

Белгилей кетсек, Усман Нурмагомедов Абу-Дабиде грузиялык мушкер Мераб Двалишвили менен болгон жаңжалдан кийин кармалып, 6 айга камалган эле.






Хабиб Нурмагомедов Усман Нурмагомедовду камактан бошотуп алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: