Бишкекте майыптыгы бар жарандарды багып жаткандарга азык-түлүк жардамы көрсөтүлүүдө
Свердлов районунда бала кезинен биринчи топтогу майыптыгы бар, туруктуу кароого жана көзөмөлгө муктаж адамдарды багып жаткан жарандарга азык-түлүк жардамын көрсөтүү улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул демилге бириккен улуттар уюмунун программасынын алкагында ишке ашырылууда.
"Жардам алуучуларга ун, өсүмдүк майы жана буурчак камтылган азык-түлүк топтомдору берилүүдө. Аталган иш-чара өзгөчө камкордукка жана туруктуу жардамга муктаж жакындарына күн сайын кам көрүп келген жарандарды колдоого багытталат", - деп кошумчалады мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















