super.kg logo

Балыкчы - Жалал-Абад унаа жолунда 3 тейлөө пункту курулду (видео)

 

Балыкчы – Жалал-Абад альтернативдүү унаа жолунун үч тилкесинде заманбап жол тейлөө пункттары курулду. Бул тууралуу кечээ, 17-ноябрда Транспорт министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, объекттер жолдун 107-чакырымында, Тогуз-Торо районунун аймагындагы 260-чакырымында жана Сузак районундагы 357-чакырымында жайгашты. Учурда курулуш иштери аяктоо алдында турат.

"Жаңы пункттар жол тейлөө кызматкерлеринин иштөөсүнө, атайын техникаларды жайгаштырууга жана тейлөөгө шарт түзөт. Ошондой эле алар ар кандай аба ырайы шарттарында жолдорду үзгүлтүксүз тейлөөгө багытталат. Мындан ары мындай заманбап жол тейлөө пункттарын өлкөнүн башка автомобиль жолдорунда да куруу пландалууда", - деп белгиленди маалыматта.






Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолунда 3 тейлөө пункту курулду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: