Бишкекте мамлекеттик номуру жок унаа аныкталып, айып короого токтотулду (видео)
Бишкек шаарында мамлекеттик каттоо номердик белгилери жок жүргөн Kia K5 үлгүсүндөгү унаа аныкталып, айып короого токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер унааны кызмат өтөө учурунда токтотушкан. Айдоочу текшерүүдө декларацияны, транспорт каражатынын каттоо күбөлүгүн жана унаанын транзиттик номерлер менен катталганын тастыктаган документтерди көрсөтө алган эмес.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча айдоочуга протокол түзүлүп, унаа айып короого киргизилди.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана тиешелүү документтери жок унаа менен жолго чыкпоого чакырды.
Бишкекте мамлекеттик номуру жок унаа аныкталып, айып короого токтотулду (видео)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















