Республикалык бюджеттин долбоору биринчи окууда колдоо тапты
Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети 2027-2029-жылдарга карата республикалык бюджеттин долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-ноябрда өткөн комитеттин кеңейтилген жыйынында республикалык бюджетке, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерине байланыштуу мыйзам долбоорлору каралды.
Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган жетекчилер баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп беришти.
Талкуу учурунда эл өкүлдөрү мектептерди куруу, таза суу менен камсыздоо, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, жолдорду оңдоо, жеке ассистенттердин төлөмдөрүн көбөйтүү жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин көтөрүштү.
Мындан тышкары, депутаттар аймактардагы ооруканалардын, реабилитациялык борборлордун жана өрт коопсуздугу кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.
Жыйынтыгында каралган мыйзам долбоорлору биринчи окууда жактырылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















