super.kg logo

"Раян Билдингден" үй алгандар курулушту мамлекет бүтүрүп беришин суранышты (видео)

 

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Раян Билдинг" компаниясынан турак жай сатып алуу үчүн каражат салган жарандар менен жолугушту. Алар курулушу бүтпөй калган объекттерди мамлекеттин карамагына өткөрүп, үйлөрдү бүтүрүп берүүнү өтүнүштү.

Министрликтин маалыматына караганда, жолугушуу кечээ, 17-ноябрда өтүп, анда компаниянын Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы курулуш объекттеринин абалы талкууланды.

Учурда компанияга таандык бир катар объекттердин курулушу ар кандай баскычта турат. Алар:

Күйүков көчөсүндөгү 94 жана 96-үйлөр - каркас баскычында;
Кант шаарындагы "Октавия" турак жай комплекси - каркас баскычында;
Көк-Жар конушундагы Көлбаев көчөсү, 32 дарегиндеги "Сан-Таш" комплекси - курулушу баштала элек;
Каркыра көчөсү, 38 дарегиндеги "Бай Мурас" комплекси - нөлдүк цикл баскычында.

Жолугушуунун жыйынтыгында Нурдан Орунтаев ар бир объект боюнча эсептөө жүргүзүп, курулушту аяктоо мүмкүнчүлүктөрүн кароону тапшырды. Ошондой эле министр жакынкы аралыкта аталган объекттерди жеринен кыдырып, алардын абалы менен тааныша турганын билдирди.

Эскерте кетсек, аталган курулуш компаниясынын башчысы президентке анын Чүй облусундагы эл менен жолугушуусунда барып жолуккан. Тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилген.






"Раян Билдингден" үй алгандар курулушту мамлекет бүтүрүп беришин суранышты (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: