Футбол биримдиги Кыргызстан-Йемен оюнундагы чыр боюнча түшүндүрмө берди
Бүгүн, 18-ноябрда Кыргыз футбол биримдиги Кыргызстандын жана Йемендин U-17 курамаларынын беттешинен кийинки оюнчулардын ортосунда чыккан жаңджал боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка караганда, чыр Йемендин футболчулары кыргызстандык оюнчуларды түртүп, сокку урууга аракет кылгандан кийин чыкты.
"Окуянын жыйынтыгында Кыргызстандын эки, Йемендин үч оюнчусу кызыл айып кагазын алды. Эки команданын оюнчуларынын эч кимиси жабыркаган эмес", - деп белгиленди маалыматта.
Белгилей кетсек, бул беттеште жыйынтык тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Кыргызстандын U-17 курамасы кийинки беттешин 20-ноябрда Монголияга каршы өткөрөт. Бул чечүүчү беттештин жыйынтыгында U-17 Азия Кубогунун финалдык баскычына жолдомо алган команда аныкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:55
2026-11-18
10:28
2026-11-13
10:49
2026-11-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















