Ошто 24 адамдын эмгек акысын бербей койгон... Коңшу өлкөнүн эки жараны кармалды
Бүгүн, 17-ноябрда Кара-Суу шаарындагы Туратали базарында соода борборун курууга жалданган 24 жергиликтүү тургундун эмгек акысын төлөбөй койгон коңшу өлкөнүн эки жараны кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 1989-жылы туулган М.Ю. жана 1981-жылы туулган К.О. аттуу жарандар курулуш иштерине жумушчуларды тартып, эмгек акысын төлөп берүүнү убада кылышкан. Бирок жумуш аяктагандан кийин ар кандай шылтоолор менен акчаны бербей, жоопкерчиликтен качып жүрүшкөн.
"Бул факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыян 1 миллион 920 миң сомду түзөт. Учурда тергөө амалдары уланууда",- деп белгиледи мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:01
2026-11-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















