Бишкекте тойканалардын биринде 1 миллион сомдой акча салынган баштык уурдалды
Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районундагы ресторандардын биринен белгисиз адам жаранга таандык сумканы уурдап кеткен. Анын ичинде 1 миллион сомго жакын каражат болгону айтылууда.
Свердлов райондук милициясы окуя 10-ноябрда болгонун билдирди. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголду.
Учурда шектүүнүн өздүгүн аныктоо жана кармоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:01
2026-11-16
11:35
2026-11-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















