super.kg logo

Бишкекте жаранды 914 миң сомго алдаган шектүү кармалды

 

Бишкекте улуттук валютаны кытай юанына алмаштырып берүү шылтоосу менен 914 миң 360 сомду ээлеп алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, 2026-жылдын 17-октябрында Калык Акиев көчөсүндө К.А. аттуу жаран анын ишенимине кирип, акчасын юанга алмаштырып берүүнү убадалаганын билдирген. Бирок шектүү 914 миң 360 сомду алгандан кийин убадасын аткарбастан, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1996-жылы туулган шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда анын ушул сыяктуу дагы үч алдамчылык фактысына тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.

Милиция жабырлануучулар болсо, 0 700 314 738, 0 703 532 353 же 102 номерлерине кайрылууну өтүнөт.

Тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: