Маматалиев кыргызстандык окуучуларды Орусияда тестирлөөдөн бошотууну сунуштады
Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрайымы Лилия Гумерова менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Жолугушууда тараптар билим берүү, илим жана маданият тармактарындагы кыргыз-орус кызматташтыгын талкуулашты.
Марлен Маматалиев Кыргызстандагы орус тилинин расмий тил макамын эске алуу менен кыргызстандык балдарды Орусиядагы мектептерге кабыл алууда тил билүү деңгээлин аныктоочу милдеттүү тестирлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Ошондой эле Кыргызстандын мектептеринин базасында алдын ала тестирлөө жана консультациялык колдоо көрсөтүү борборлорун түзүү демилгесин көтөрдү.
Мындан тышкары, төрага Орусия тарабынан кыргызстандыктарга жогорку окуу жайларда билим алуу үчүн жыл сайын бөлүнүп келген 700 квоталык орунду көбөйтүү маселесин кароону сунуштады. Айрыкча Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы алдыңкы университеттерге бөлүнүүчү квоталарды арттырууга көңүл бурду.
Өз кезегинде Лилия Гумерова кыргыз жарандарынын Орусияда билим алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда орус тилинде билим бере турган тогуз мектеп куруу боюнча биргелешкен долбоор ишке ашырылууда. Анын алкагында Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларындагы алгачкы үч мектепти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















