super.kg logo

Милиция кызматкерлери жасалма интеллектти колдонуу боюнча окуудан өтүштү

 

Кыргызстандын бардык аймактарында жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери үчүн жасалма интеллект жана санариптик коопсуздук боюнча семинар өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси менен «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду тарабынан уюштурулган.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жасалма интеллектти кызматтык ишмердүүлүктө коопсуз жана натыйжалуу колдонуу, маалыматтарды сын көз караш менен талдоо жана заманбап санариптик куралдарды пайдалануу боюнча билим алышты.

Окутууну жасалма интеллект жана санариптик коопсуздук тармагындагы эксперттер өткөрдү.

Семинардын максаты — милиция кызматкерлеринин санариптик коопсуздук боюнча билимдерин жогорулатуу жана жаштар менен санариптик мейкиндикте натыйжалуу иштешүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: