Агартуу министрлиги Кызыл-Ойдо мектепте катталган өрт боюнчча маалымат берди
Агартуу министрлиги Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн жалпы билим берүү мекемесинде чыккан өрт боюнча маалымат берди.Ага ылайык, өрт чыккан имаратта ашкана, китепкана жана үч сааттык режимде иштеген эки тайпалуу бала бакча жайгашкан. Өрт эртең менен балдар келе электе чыккан.
"Китепканадагы окуу китептери буга чейин окуучуларга таратылгандыктан, өрт чыккан учурда китепканада окуу китептери болгон эмес. Бала бакчанын эмеректери сакталып калган", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, бүгүн, 19-ноябрда болжол менен саат 08:00дө мектептин эски имаратында өрт чыккан. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барып, саат 10:20да чектөөгө алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:25
2026-11-19
12:25
2026-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















