super.kg logo

Путин менен Трамптын 40 мүнөттүк жолугушуусу эмне менен аяктады?

 

Бүгүн, 19-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өткөн АТЭС саммитинин алкагында жолугушту. Сүйлөшүү 40 мүнөткө жакын созулганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Жолугушуунун алдында Трамп Путинди "досум" деп атап, аны менен көптөн бери жакшы мамиледе экенин жана сүйлөшүүдөн жакшы жыйынтык күтүп жатканын айтты.

Путин да Трамп менен жолугушууга кубанычта экенин айтып, бирок журналисттердин алдында кеңири билдирүү жасаган жок. Эки лидер сүйлөшүүдөн кийин басма сөз өкүлдөрүнө комментарий беришкен эмес.

Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, сүйлөшүүдө Украинадагы жаңжал жана эки өлкөнүн мамилеси талкууланды. Ал жолугушуудан кийин Путиндин маанайы жакшы болгонун айтып, тараптар өзгөчө маанилүү билдирүүлөрдү жасабаганын белгиледи.

Бул Путин менен Трамптын Анкоридждеги сүйлөшүүлөрүнөн кийинки алгачкы жолугушуусу болду.

Эми Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин үч тараптуу жолугушуусу өтөрү күтүлүүдө. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүгө бир саат убакыт бөлүндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: