super.kg logo

Лейлекте куурап калган 100 миллион сомдук көчөттөр: Прокуратура иш козгоду (видео)

 

Баткен облусунун Лейлек районунда "Жашыл чек ара" долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөрдүн 95 пайызы куурап калганы аныкталды. Долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен 100 миллион 887 миң 900 сом бөлүнгөн. Бул тууралуу кечээ, 19-ноябрда Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош экологиялык прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө долбоордо каралган иштер толук аткарылбаганы белгилүү болду.

"Ошондой эле көчөттөрдүн өсүп чыгышы жана сугарылышы үчүн зарыл шарттар түзүлгөн эмес.Натыйжада отургузулган көчөттөрдүн 95 пайызга жакыны куурап калган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта. .






Лейлекте 100 миллион сомдук көчөттөр куурап калган. Прокуратура иш козгоду (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: