super.kg logo

Баткенде эки аркар үйүр малга кошулуп, жайылып жүргөнү видеого түшүп калды

 

Баткен облусунун Лейлек районунда сейрек кездешүүчү эки баш Северцов аркары үйүр малдын арасында жайылып жүргөнү видеого тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тоолуу аймакта мал багып жүргөн жергиликтүү тургун тоодон ылдый түшүп келген жапайы жаныбарларды көрүп, алардын видеосун тартып алды.

"Министрликтин Баткен регионалдык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын аягында жүргүзүлгөн эсепке алуунун жыйынтыгында Баткен облусунда Северцов аркарынын 144 башы катталган", — деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Северцов аркары — Кыргызстандын тоолуу аймактарында жашаган жапайы туяктуу жаныбарлардын бири. Анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоо жана санын көбөйтүү биологиялык ар түрдүүлүктү коргоодо маанилүү.






Баткенде эки аркар үйүр малга кошулуп, жайылып жүргөнү видеого түшүп калды (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: