"Таазим кылам..." Официанттын камкордугу жүрөк жылытты (видео)
Кечээ, 19-ноябрда социалдык тармактарда Ош шаарындагы тамактануучу жайлардын биринде официанттын майыптар арабасындагы кардарга өзгөчө камкордук көрсөткөнү тартылган видео тарады. Анда тейлөөчү кардардын тамагын кашык менен жедирип, кофесин түтүкчө аркылуу ичиргенин көрүүгө болот.
Бул учурду кафеде отурган кардарлардын бири видеого тартып, соцтармактагы баракчасына жарыялады.
"Жанаша столдо отургам. Кафеге арабада отурган өзгөчө жигит келди. Жаш официант буюртмасын кабыл алып, тамагын алып келди. Андан соң кашык менен тамак берип, кофесин түтүкчө аркылуу ичирди. Башымды ийип таазим кылам, азаматтар!",- деп жазган ал.
Видеодогу официанттын жөнөкөй, жүрөк жылыткан мамилеси интернет колдонуучуларынын көңүлүн буруп, алкышка татыды.
"Башымды ийип таазим кылам". Официанттын камкордугу жүрөк жылытты (видео)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2026-11-20
8:42
2026-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















