Өлкөдө сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны 15,7 пайызга өстү
Кыргызстанда эпидемиялык сезондун башталышынан бери сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу кечээ, 19-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министринин орун басарлары Нурбек Букуев жана Гүлбара Ишенапысованын төрагалыгы алдында ыкчам штабдын жыйыны өттү. Анда ушул жылдын 46-жумасында ооругандардын саны мурунку жумага салыштырмалуу 15,7 пайызга өскөнү айтылды. Ошондой эле эпидемиологиялык кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, өз убагында зарыл чараларды көрүү керектиги белгиленди.


Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында респиратордук инфекциялардын аныкталган козгогучтарынын арасында риновирус 47 пайыз, парагрипп 22 пайыз, аденовирус 13 пайыз, сезондук коронавирус 10 пайыз, бокавирус 6 пайыз жана респиратордук-синцитиалдык вирус аныкталды.
Талкуунун жүрүшүндө медициналык уюмдарга кайрылуулардын жана ооруканага жаткыруулардын саны көбөйгөн учурда медициналык кадрлардын, дары-дармектердин, медициналык жабдуулардын жана керебеттердин жетиштүүлүгү каралды.
Эскерте кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жана Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына барып, мезгилдик оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу медициналык мекемелердин иши текгерген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















