Үрөй учурган кырсык... Францияда 18 кабаттуу үйдөн өрт чыкты (видео)
Кечээ, 19-ноябрда Парижге жакын жайгашкан Фонтене-су-Буа шаарында 18 кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалым болгондой, кырсыктан бир адам каза болуп, 30га жакын киши жабыркады. Өрт 11-кабаттагы батирлердин биринен башталып, эки батирди каптады. Кийин жалын жогорку кабатка да жайылды, аны өчүрүүгө 130дан ашуун куткаруучу жана 32 атайын техника тартылды.
Жабыркагандардын жарымы өрт өчүрүүчүлөр экени маалымдалды. Алардын экөө оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер алардын өмүрүнө коркунуч жок экенин билдиришти.
Кырсыктын натыйжасында, үйүнөн эвакуацияланган тургундарды убактылуу жайгаштыруу үчүн жакынкы мектеп ачылды. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатканы белгилүү болду.
Францияда 18 кабаттагы өрт
0

Супер-Инфо
super.kg видео















