Бишкекте аялдамада эки автобус сүзүштү (видео)
Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаарынын 5-кичи районундагы Юнусалиев көчөсүндөгү аялдамада эки автобус сүзүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя саат 10:00 чамасында №52 жана №162 каттамдардын автобустарынын катышуусунда болду. Жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар жок.
"№52 каттамдагы автобустун айдоочусу С.М. Юнусалиев көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, аялдамада каптал аралыкты сактабай, Э.О. башкарган №162 каттамдагы автобус менен кагылышты. Айдоочу С.М. күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген материалдык чыгымды эмгек акысынан төлөп берүү жөнүндө арыз жазды",- деп кошумчаланды маалыматта.
Бишкекте аялдамада эки автобус сүзүштү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:50
2026-11-25
12:57
2026-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















