"Бир дагы жаңы салык киргизген жокпуз". Жапаров салык реформасы тууралуу айтты (видео)
Мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кыргызстанда жүргүзүлгөн салык реформасынын алкагында жаңы салыктар киргизилбегенин жана салыктардын чендери өзгөртүлбөгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал кечээ, 22-ноябрда журналист Семетей Аманбековго берген маегинде айтып, өзү ишке ашырууга катышкан өзгөрүүлөрдүн максатын түшүндүрдү.
Анын айтымында, реформанын негизги максаты товарлардын келип чыгышын көзөмөлдөө жана соода жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу болгон.
"Биз бир дагы жаңы салык киргизген жокпуз. Бир дагы салыктын чени өзгөргөн жок. Биз товар кимдики экенин, аны ким жана кайсы унаа менен ташып келгенин гана сурадык. Мисалы, сатсаң, ККМ аркылуу сат. Сенден салык албай эле коёлу. Бирок товар кимдики экенин көрсөт, уурдалып келдиби же жокпу?" деп эле сурадык",- деп түшүндүрдү ал.
Анын айтымында, товарлардын келип чыгышын көзөмөлдөө системинин биринчи этабы аяктаган. Жапаров бул системди толук ишке ашыруу 2030-жылга чейин өлкөнүн ички дүң продукциясын (ИДП) 40 миллиард долларга чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишенерин айтты.
"Бул системди толук ишке ашыра турган болсок, 2030-жылы ички дүң продукциябыз 30 эмес, 40 миллиард долларга чейин өсөт деп билем",- деди Акылбек Жапаров.
Ошондой эле Жапаров соода жүгүртүү ачык-айкын болгондо банктар ишкерлерге кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуну талап кылбастан насыя бере аларын белгиледи. Анын пикиринде, ишкердин кирешеси жана товар жүгүртүүсү ачык көрүнүп турса, насыя берүүдө анын мүлкүн күрөөгө коюу зарылдыгы азаят.
"Бир дагы жаңы салык киргизген жокпуз". Жапаров салык реформасы тууралуу айтты (видео)
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















