Блогер Эртай Искаков депутаттарды жалган маалымат таратууда этият болууга чакырды
Блогер Эртай Искаков депутаттарды жалган маалымат таратуудан этият болууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-ноябрда социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Искаков билдирүүсүндө депутат Камила Талиеванын Ош шаарынын мэри Жанар Акаевге байланыштуу айткандарына токтолду.
"Депутаттар жалган маалымат таратуудан этият болушса. Президент өзү демилге көтөрүп, мамлекеттик кызматтагыларды шайлоого аралашпагыла деп жатат, аны баарыбыз көрүп турабыз. Талиева болсо Жогорку Кеңештин трибунасынан “Жанар Акаев шайлоо штабын түздү” деп кыйкырууда. Анын маалыматы жалган экенин БШК ырастады",- деп жазды блогер.
Эске салсак, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Ош шаарынын мэри Жанар Акаев алдыдагы шайлоонун алдында шаарда жеке штабдарын ачууга аракет кылып жатканы тууралуу маалымат алганын билдирген.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















