super.kg logo
  Саясат  

Кол топтоо өнөктүгүнүн аякташына 18 күн калды. Ким алдыда?

 

2027-жылдын 27-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого ат салышууга ниеттенген 11 жаран арыз берген. Мыйзамга ылайык, алардын ар бири каттоодон өтүү үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун колун чогултууга тийиш.

"Түндүк" тиркемесиндеги акыркы сааттарга алынган маалыматтарга таянсак, алардын кол топтоо көрсөткүчү учурда төмөнкүдөй:

  • Клара Сооронкулова - 23 254;
  • Бактыбек Калмаматов - 21 474;
  • Азамат Эсенбеков - 19 108;
  • Акай Кыдыров - 16 022;
  • Бакытбек Адылов - 12 194;
  • Амур Айба Медер - 7107;
  • Мамбетжунус Абылов - 6686.

Буга чейин Садыр Жапаров, Сыймык Жапыкеев, Аймен Касенов жана Исхак Масалиев керектүү сандагы колду топтошкон.

Белгилей кетсек, кол топтоо өнөктүгү 8-декабрга чейин уланат. Анын аякташына 18 күн калды. Талапкерлерди каттоо 23-декабрга чейин жүргүзүлөт.

Ал эми шайлоо алдындагы үгүт иштери 23-декабрда башталып, 2027-жылдын 26-январына чейин уланат.












 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: