super.kg logo
  Саясат  

"Ошко хан кылып шайладыңарбы?" Камила Талиева парламентте Жанар Акаевди сынга алды (видео)

 

Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Ош шаарындагы айрым кадрдык жана саясий маселелерге байланыштуу Ош шаарынын мэри Жанар Акаевди сынга алып, анын депутаттарга карата айткан сөздөрүнө нааразычылыгын билдирди.

Талиеванын айтымында, 13-октябрда Бюджет комитетинин Ош шаарындагы көчмө жыйынынан кийин айрым блогерлер депутаттарды "Шакиевдин депутаттары" деп атап, сынга алышкан. Ошондой эле ал Жанар Акаев депутаттарга кадр маселесине кийлигишүү тууралуу сөздөрдү айтып жатканын белгиледи.

"Кана, фамилиясы менен айтсын. Бул жерде отурган кайсы депутат кадр койдуруп жатат? Мен, мисалы, бир да жолу чалган эмесмин. Эмне, Ош шаарынын ханы кылып шайладыңар беле? Ош менин да шаарым",- деди Талиева.

Ал министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди жана Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевди депутаттардын статусун коргоого чакырды. Шайлоого карата штаб ачып жатканын айтып, айыптады.

Өз кезегинде Маматалиев бул маселе боюнча Жанар Акаев менен сүйлөшкөнүн, ал айрым сөздөрүн артка алып, парламент менен тыгыз иштешүүгө убада бергенин билдирди.

Төрага ошондой эле буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана фракция лидерлери менен болгон жолугушууда да бул маселе талкууланганын белгиледи. Жакынкы апталарда Ош мэри жана Бюджет комитети менен өзүнчө сүйлөшүүлөр өтөрүн кошумчалады.






"Ошко хан кылып шайладыңарбы?" Камила Талиева парламентте Жанар Акаевди сынга алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: