Акай Кыдыров президент менен жолугушууда 1 миллион сом боюнча сурагандарды сынга алды (видео)
Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Акай Кыдыров талапкер болчулардын президент менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн айрым маселелерге нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал кечээ, 19-ноябрда социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган видеосунда айтты.
Кыдыровдун айтымында, жолугушууга президенттен тышкары, президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 7 адам катышкан.
Анын айтымында жолугушуудан кийин көңүлүндө жагымсыз сезим калган.
"Мен сыйлаган, артында 30-40 миң колдоочусу бар саясатчылар президентке “менин бир миллион сомумду кайтарып бересиңби?” деген суроолорду беришти. Негизи ал жерде чоң көйгөйлөрдү чечип, шайлоо кандай өтөт, административдик ресурс колдонулбасын деген маселелерди талкуулашыбыз керек эле. Жаш саясатчы болуп келе жаткан адамга силер көрсөткөн үлгү ушулбу?",- деди ал.
Акай Кыдыровдун бул билдирүүсү социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү.
Акай Кыдыров президент менен жолугушууда көтөрүлгөн "1 миллион сом" маселесин сынга алды (видео)
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















