super.kg logo
  Саясат  

Амир Кунакуновдун өтүнүчү диспетчердик кызматтан ары өтпөгөнү белгилүү болду

 

2011-жылы туулган Амир Кунакуновдун “Ала-Арча” жаратылыш паркында каза болушуна адам фактору себеп болгон. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештеги убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, жардам көрсөтүү өтүнүчү диспетчердик кызматтын деңгээлинде калып калган. Учурда бул окуя боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүнүн алгоритмдери кайрадан каралып жатат.

Чыныбаев бул окуя боюнча толук жоопкерчиликти алууга даяр экенин кошумчалады.

Жыйындын жүрүшүндө Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов 7 миң метрден бийик тоо чокуларына чыгууга уруксат берүү маселеси каралып жатканын билдирди. Мындан тышкары, туристтер көп барган маршруттарда коомдук-куткаруу постторун түзүү жана алардын ишин күчөтүү боюнча чаралар иштелип жатат.

Эске салсак, Амир Кунакунов 7-ноябрда тоого чыгып, адашып калганын айтып, куткаруучуларга кайрылган. Аны издөө иштери эки күнгө созулуп, 9-ноябрда өспүрүмдүн сөөгү Электро чокусунун аймагынан табылды.

Бул окуядан кийин куткаруу иштеринин уюштурулушу жана тиешелүү кызматтардын өз убагында чара көрбөгөнү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, бир нече кызмат адамдары кызматынан кол жууду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: