super.kg logo

Бишкекте инсульт маселелери боюнча биринчи улуттук конференция башталды

 

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкекте Кыргызстандагы инсульт маселелерине арналган биринчи улуттук конференция ишин баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйын 25-ноябрга чейин уланат. Ага саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаттары, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү жана 10го жакын өлкөнүн эксперттери катышууда.

"Тромболитикалык терапиянын жеткиликтүүлүгүндө оң динамиканы байкап жатабыз: эгерде өткөн жылы бул дарылоону 7 гана бейтап алган болсо, быйыл алардын саны 171ге жетти. Ошондой эле Токмок жана Чүй жалпы дарыгерлик практика борборлорунда инсульт жана инфаркт менен жабыркаган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруунун жаңы ыкмалары сыноодон өткөрүлөт",- деди Осмонов.

Мындан тышкары, үч күндүк конференцияда адистер тез жардамды жакшыртуу, атайын инсульт борборлорун өнүктүрүү жана Борбор Азия өлкөлөрү менен биргеликте кымбат дары-дармектерди сатып алуу маселелерин талкуулашары маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: