Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 1,4 миллиард долларды түздү
Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү 1,4 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Экономика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-2025-жылдары кыргыз-казак соода жүгүртүүсү 2,3 эсеге өскөн. Бул эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштардын кеңейип жатканын көрсөтөт.
Кыргызстан менен Казакстан соода-экономикалык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар. Тараптар товар алмашуунун көлөмүн көбөйтүү, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу багытында иш алып барууда.
Эки мамлекеттин башчылары 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү 3 миллиард долларга жеткирүү максатын коюшкан.
Бул көрсөткүчкө жетүү үчүн тараптар соода тоскоолдуктарын азайтуу, ишкерлер ортосундагы байланыштарды чыңдоо жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу боюнча кызматташтыкты улантууну көздөшүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















