Кыргыз колорити дүйнөлүк сахнада: Медина Эрмекованын өзгөчө көйнөгү (видео)
Пуэрто-Рикодо Кыргызстандын атынан "Аалам сулуусу-2026" (Miss Universe 2026) сынагына катышып жаткан Медина Эрмекова жарым финалда кыргыз маданиятынан шыктанган көйнөк менен чыкты. Бул тууралуу ал кечээ, 23-ноябрда социалдык тармактагы баракчасына жазды.
""Аалам сулуусу" сынагынын жарым финалы үчүн кыргыз элинин улуттук мурасын заманбап жогорку мода менен айкалыштырдык. Кызыл түсүбүз Мамлекеттик туубуздан шыктануу менен тандалды. Ал эми алтын түстөгү оймо-чиймелер кыргыз маданиятынын байлыгын чагылдырат. Көйнөктүн ортосундагы металл элемент образдын негизги өзгөчөлүгү болду. Бул көйнөк аркылуу өлкөмдүн тарыхын, анын сулуулугун, күчүн жана өзгөчөлүгүн чагылдыргым келди",-деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Медина Эрмекова сынактын улуттук кийимдер көрсөтүлгөн бөлүгүндө "Бугу Эне" образында сахнага чыгып, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду.
Медина Эрмекова "Аалам сулуусу-2026" сынагында кыргыз маданиятынан шыктанган көйнөк кийди
0

Супер-Инфо
super.kg видео















