super.kg logo

Бажыда 15,7 килограмм декларацияланбаган зер буюмдары аныкталды

 

Дубайдан жана Кытайдан Кыргызстанга ташылып келген чарбалык товарлардын ичинен жалпы салмагы 15 килограмм 727 грамм болгон декларацияланбаган зер буюмдары табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу "Түндүк" темир жол бажысынын "Темир жол бекети" бажылык тариздөө жайында аныкталган.

Дубайдан "Д.Э." жоопкерчилиги чектелген коомунун дарегине келген 1 391 килограмм жүктү текшерүүдө 925-пробадагы күмүштөн жасалган 3,3 килограмм зер буюмдары: шакектер, сөйкөлөр жана чынжырчалар табылган.

Ал эми Кытайдан "С.Г.ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коомунун дарегине келген 13 тонна 50 килограмм жүктүн ичинен дагы 12 килограмм 427 грамм зер буюмдары аныкталган.

Эки партиядагы зер буюмдарынын алуучусу бир эле жаран — Г.К.Г. экени белгилүү болгон.

Бул фактылар боюнча материалдар Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп, тергөөнүн жыйынтыгында мамлекетке келтирилген 2 миллион 208 миң 695 сомдук зыян толугу менен өндүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: