Бишкекте айдоочуга 45 миң сомдон ашык айып пул салынды (видео)
Бүгүн, 24-ноябрда Бишкек шаарында жол эрежелерин одоно бузган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айдоочу унаасына уруксат берилбеген атайын үн сигналын орнотуп, алдыңкы маңдайкы айнегин мыйзамсыз караңгылатып алган.
"Ошондой эле, иликтөө иштеринин негизинде айдоочу жасалма мамлекеттик каттоо номерлерин колдонгону аныкталган. Аталган фактылар боюнча унаа айып короого киргизилип, айдоочуга жалпы суммасы 45 миң 500 сомду түзгөн укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү", - деп кошумчалады мекеме.
Учурда бул факт боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бир убакта 45 сомдон ашык айып пул жазылган
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:06
2026-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















