Ошто суу каналы аркылуу пиротехника ташууга аракет кылган үч жаран кармалды
Ош облусунда чек арачылар пиротехникалык буюмдарды суу каналы аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган үч жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 23-ноябрда Төө-Моюн жергесинде болгон. Чек арачылар Керкидан каналы аркылуу пластик бочкага салынган "Новый век" маркасындагы пиротехникалык буюмдарды өткөрүүгө аракет кылган жарандарды аныкташкан.
Кармалгандар Баткен облусунун Кадамжай районунун 1999 жана 2000-жылы туулган тургундары экени белгилүү болду.
Тиешелүү документтер таризделгенден кийин үч жаран териштирүү жүргүзүү үчүн Араван райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:06
2026-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















