Мирбек Атабеков: "Бир үй бүлөдө бир эле белгилүү адам болушу керек экенин түшүндүм" (видео)
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү ырчы Мирбек Атабеков подкасттардын бирине берген маегинде социалдык тармактардын адам жашоосуна жана үй-бүлөлүк мамилелерге тийгизген таасири тууралуу ой бөлүштү.
Маектешүү учурунда алып баруучу Денис Пышкин ырчыдан социалдык тармактардын жашоосундагы орду жана анын жеке мамилелерине тийгизген таасири тууралуу сурады.
Мирбек Атабеков бул маселе анын үй-бүлөсүндө да бир катар көйгөйлөрдү жаратканын айтып, ммурдагы жубайы Мээрим Төлөпберген экөө тең коомчулукка таанымал адамдар болгондуктан, ортодо атаандаштык жаралганын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө социалдык тармактар аркылуу жашап калганбыз. Мээрим экөөбүздүн ортобузда да социалдык тармакка байланыштуу бир катар көйгөйлөр жаралды. Бул мен үчүн абдан чоң маселе болду. "Эки кочкордун башы бир казанга батпайт (ред.:кайнабайт)" деген туура экен. Анткени ал дагы эл адамы. Бир үй бүлөдө бир эле белгилүү адам болушу керек экенин түшүндүм. Анткени, ортодо эрегишүү башталат экен, биздики дагы ушундай сыяктуу болуп кетти", - деп жооп берди.
Белгилей кетсек, ал жубайы Мээрим Төлөпберген менен 9 жыл жашап, 2023-жылы эки жолго түшүшкөн.
Мирбек Атабеков: Бир үй бүлөдө бир эле эл адамы болушу керек экен
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















