"Жамийла" мюзиклы Стамбул шаарында тартууланды
21-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестинин негизинде сахналаштырылган мюзиклди тартуулады. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, маданий иш-чара Таксим аянтында жайгашкан Ататүрк маданий борборунда (АКМ) болуп өттү. Министрдин орун басары Айбек Дайырбеков "Жамийла" повестинин негизинде даярдалган мюзикл кыргыз элинин руханий дүйнөсүн, улуттук баалуулуктарын жана маданиятын чет өлкөлүк көрүүчүлөргө таанытууда өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















