Ырчылар Асел Турдалиева, Аваз Акимов жана Айдана Дека трио тобун түздүбү? (видео)
Кечээ, 22-ноябрда Бишкектеги тойканалардын биринде сөзү, обону Бек Борбиевге таандык "Гүлүм ай" ырын Асел Турдалиева, Аваз Акимов жана Айдана Дека чогуу аткарышты. Видеону ырчы Айдана Дека өзүнүн социалдык баракчасына жарыялап, "Эми биз триобуз" деген билдирүү калтырган.
Эске салсак, бул ырды алгачкы жолу 1992- жылы Асел Турдалиева менен Бек Борбиев аткарып чыккан.
Кийинчерээк ырды Аваз Акимов менен Айдана Дека жаңыча аранжировкада аткарып, кайрадан элге тартуулашты. Учурда бул аткаруу популярдуулукка ээ.
Асел Турдалиева Аваз Акимов Айдана Дека жана "Гүлүм ай" ырын чогу ырдашты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:15
2026-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















