Депутат Дастан Бекешев менен ырчы Амирчик өзгөчө балдарга сюрприз жасашты (видео)
Бүгүн, 20-ноябрда депутат Дастан Бекешев жана ырчы Амирчик аутизм жана Дауна синдрому бар балдар менен жолукту. Бул тууралуу депутат өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.
Маалыматка караганда, коомдук фонддордун бири эл өкүлүнө жардам сурап кайрылган. Анда балдар ырчы Амирдин "Кыргызстан" ырына бий даярдап жатышканынын билдирген.
Хореограф балдарга бийди нөлдөн баштап үйрөткөн, ал эми депутат менен Амирчик балдарга костюм алып берип, сюрприз жасашты.
"Балдарга костюмдарын, хореограф гүл алды. Бизге арнап бий бийлеп беришти. Андан соң чогуу сүрөткө түштүк, күлдүк, жыргадык. Ата-энелер дагы биз менен чогуу кубанышты. Амирчикке ак жүрөгү, аракети балдарга болгон сүйүүсү үчүн, хореографка чыдаймкайлыгы үчүн рахмат.
Балдарды кубанталы дедик эле, жыйынтыгында өзүбүз дагы кубанычка бөлөндүк, муну дагы көпкө чейин эстейбиз", - деп билдирди эл өкүлү.
Депутат Дастан Бекешев жана ырчы Амирчик өзгөчө балдарга сюрприз жасады
0

Супер-Инфо
super.kg видео















