super.kg logo

Кинорежиссёр Артыкпай Сүйүндүков АКШда сыйлык алды

 

Кыргызстандын Эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Артыкпай Сүйүндүков Азия кинематографиясына кошкон зор салымы үчүн XII Дүйнөлүк Азия кинофестивалынын (Asian World Film Festival) "Ак илбирс" сыйлыгы менен сыйланды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалым болгондой, сыйлык тапшыруу аземи 12-19-ноябрда АКШнын Лос-Анжелес шаарында өттү. Сыйлыкты белгилүү кинопродюсер Андре Морган тапшырды.

Белгилей кетсек, Артыкпай Сүйүндүков кыргыз киносундагы көп жылдык эмгеги менен таанылган. Ал "Кайчылаш жолдор", "Кошокчу", "Шамбала" сыяктуу көркөм тасмаларды жаратып, ал менен эле кетелип калбастан, жаш кинематографисттерди даярдоого салым кошуп келет.

Режиссёр буга чейин да кыргыз киносуна кошкон салымы үчүн улуттук "Кызыл Алма" кинопремиясынын сыйлыгына, ошондой эле, Индиядан "Мыкты режиссёр" наамына ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: