super.kg logo

Депутат: "Мектеп окуучуларын насыя алууга мажбурлап жатышат"

 

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Бурул Аманова мектеп окуучуларын насыя алууга мажбурлап жаткан учурлар бар экенин билдирди.

Анын айтымында, бул тууралуу мектептерде иштеген психологдор билдиришкен. Депутат Улуттук банктан өспүрүмдөргө насыя кандайча берилип жатканын тактоону талап кылды.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары банктар 18 жашка чыга элек жарандарга насыя берүүгө укугу жок экенин айтты.

Төрага аталган учурларды иликтөө үчүн депутаттан тиешелүү маалыматтарды берүүнү өтүндү. Ошондой эле мындай жагдайлардын алдын алуу максатында 9-11-класстын окуучуларына атайын тренингдерди өткөрүү боюнча Агартуу министрлигине сунуш берилип жатканын белгиледи.






Депутат: "Мектеп окуучуларын насыя алууга мажбурлап жатышат"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: