Башкы прокуратура Ми-8 тик учагынын кыйрашы боюнча тергөө уланып жатканын билдирди
Башкы прокуратура 2024-жылы кыйраган Ми-8 аскердик тик учагына байланыштуу Аба чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн мурдагы башчысы Кылычбек Айдаралиев жана №23565 аскер бөлүгүнүн командири Данияр Давитахунов соттук-техникалык экспертизалардын корутундусуна ылайык кармалганын билдирди.
"Учурда кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө уланууда. Анын жыйынтыгы менен окуяга тиешеси бар Коргоо министрлигинин командалык курамындагы кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилет",- деп айтылат маалыматта.
Бул арада Аскер прокуратурасы тик учактын кыйрашына байланыштуу мамлекетке келтирилген материалдык зыян 50 миллион сомдон ашканын кошумчалады.
Эске салсак, 21-ноябрда Биринчи Май райондук соту Айдаралиев менен Давитахуновду 19-декабрга чейин камакка алды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 401-беренесинин 3-бөлүгү (Учуу же ага даярдануу эрежелерин бузуу) боюнча айып тагылган.
2024-жылдын январь айында Ми-8 үлгүсүндөгү аскердик тик учак кулап, кырсыктан бир аскер кызматкери каза болуп, 10 адам жабыркаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















