Милициянын унаасы ӨКМдин имаратын сүздү (видео)
24-ноябрда, саат 20:20 чамасында Бишкек шаарындагы Жумабек жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Жумабек көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, кесилиштен солго бурулган учурда болду.
"Бул учурда түндүктү көздөй бара жаткан ИИМ дин Күзөт кызматына таандык кызматтык унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, ӨКМдин тосмосун сүздү. Кырсыктын кесепетинен кызматтык унаанын айдоочусу башынан жеңил жаракат алды. Ал ооруканага кайрылып, амбулатордук жардам алды. Медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгында Mercedes Benz унаасынын айдоочусу мас абалда болгону аныкталып, ал эми кызматтык унаанын айдоочусунан кан үлгүсү алынды",- деп маалымдады мекеме.
Милициянын унаасы ӨКМдин имаратын сүзүп токтогон
0

Супер-Инфо
super.kg видео















