Өлкөдө үч өткөрмө пунктунда фитосанитардык сертификат берүү токтотулат
2027-жылдын 10-декабрынан тарта "Ак-Тилек", "Ак-Жол" жана "Чалдыбар" өткөрмө пункттарында экспорттук фитосанитардык сертификаттарды берүү токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эми айыл чарба продукциясын экспорттоочулар сертификаттарды Бишкек шаарындагы "БишкекТрансСервис" логистикалык борборунан ала алышат.
"Документтерди тариздөө жана тиешелүү текшерүүлөр күнү-түнү жүргүзүлөт. Борбор Бишкек шаарындагы Кожевенная көчөсү, 78 дарегинде, "Дордой" базарынын аймагындагы түндүк айланма жолунда жайгашкан. Бул өзгөртүү фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүү, экспорттук продукциянын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилүүдө",- деп белгиленди маалыматта.
Ал эми аталган үч өткөрмө пунктунда чет өлкөдөн Кыргызстанга ташылып келген продукцияга карата фитосанитардык көзөмөл мурдагыдай эле улантылары кошумчаланды. Болгону импорттоочулар жаңы тартипти эске алуусу зарыл.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















