super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев №1 тергөө абагынын ордуна сейил бак курууну сунуштады (видео)

 

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкектеги №1 тергөө абагынын ордуна көп кабаттуу үй эмес, жер алдындагы унаа токтотуучу жай жана сейил бак курууну сунуштады.

Ал бул сунушун президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орун басары Нурлан Бообековго жолдоду.

Депутаттын айтымында, тергөө абагы башка жакка көчүрүлгөндөн кийин анын ордуна эмне курулары шаар тургундарын кызыктырууда. Алар ал жерге көп кабаттуу турак үй салбай, сейил бак курууну суранып жатышат.

"Келиңиздер, баарынан мурда жарандарыбыздын ден соолугун ойлойлу. Ал жерге сейил бак курса, Октябрь районунун тургундары эле эмес, шаардын башка райондорунун жашоочулары да келишет. Шаардын борборуна сейил бак курсак сонун да. Албетте, андан көп пайда түшпөшү мүмкүн. Ошентсе дагы, ал жерге жер алдындагы унаа токтотуучу жай жана үстүнө сейил бак курууну өтүнөм. Үй курууга башка жерлер да табылат",- деди Бекешев.






Депутат Дастан Бекешев №21 СИЗОнун ордуна сейил бак курууну сунуштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: