super.kg logo
  Саясат  

Медер Абакиров Аргентинанын Кыргызстандагы жаңы элчисин кабыл алды

 

Бүгүн, 24-ноябрда тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Аргентинанын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Энрике Игнасио Феррер Виейрадан ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Абакиров элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү эки өлкөнүн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө салым кошоруна ишеним билдирди.

Жолугушууда саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: