super.kg logo
  Саясат  

"Элдин убал-сообу бар". Садыр Жапаров жетекчилердин иш-аракетин сынга алды (видео)

 

Кечээ, 23-ноябрда президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилерине жарандардын көйгөйлөрүн иш жүзүндө чечүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Мамлекет башчы жыйында бюрократиянын жана санариптештирүүнүн сынга алып,Таластагы аксакалдын аялы каза болгондугу тууралуу кагазды 6 айдан бери ала албай жаткандыгын мисал келтирди.

"Бул эмне деген акмакчылык! Саламаттыкты сактоо, Калкты тейлөө борбору жана Социалдык фонд "жаран каза болуптур" деп бири бирине суроо талап жиберип, маалыматты дыкат текшерип, санариптештирүүнүн алкагында ыкчам маалымат алуу жолу менен алакандай кагазды заматта бере койсоңор болот эле", - деди өлкө башчы.

Ошондой эле Жалал-Абадда 2000 сом үчүн эки жылга камалган жарандын маселесине да токтолду.

"Ооба, коррупция боюнча мыйзамдар катаалдаштырылганына байланыштуу ошондой болуптур деп түшүнсөк болот. Бирок укук коргоо органдары, прокурор, сот баарыңар бул маселе эч кандай логикага сыйбастыгын, эч кандай адамгерчилик сапатка туура келбестигин тана албайсыздар. "Мыйзамдын ушул жеринде кемчилик кетип калгандай",- деп демилге көтөрүп, мыйзамга өзгөртүү киргизели деп эң бобогондо сунуш беришиңер керек эле. Албетте, сунуш берген жоксуңар. Элдин убал-сообу деген бар. Мыйзамга такаганыңар менен ошол жагдай айланып келип башыңарга тийиши толук мүмкүн экенин эсиңерден чыгарбагыла", - деди мамлекет башчы

Мындан тышкары райондордо жана облустарда юрист кызматын күчөтүү тууралуу тапшырмасын берди.






Президент: "Элидин убал-сообу бар, кылып жаткан нерсеңер айланып өзүңөргө келиши мүмкүн"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: