super.kg logo
  Саясат  

Президенттин Иш башкармалыгынын кирешеси 28 миллиард сомдон ашты (видео)

 

Кечээ, 24-ноябрда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы алдында ведомстволук уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда коллегиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдирди.

Жыйында ведомстволук уюмдардын 2026-жылдын тогуз айындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылды.

Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде ведомстволук уюмдардын жалпы кирешеси 28 миллиард 30 миллион 708,3 миң сомду түздү. Ал эми пландык көрсөткүч 23 миллиард 785 миллион 959,2 миң сом болгон. Натыйжада киреше белгиленген пландан 4 миллиард 244 миллион 749,1 миң сомго ашты.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде жалпы киреше 21 миллиард 582 миллион 599,6 миң сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча ведомстволук уюмдардын кирешеси 31 миллиард сомго жетип, жылдык 32 миллиард сомдук пландын 97 пайызына жакыны аткарылган.

Быйыл Президенттин Иш башкармасынын түзүмүнө 10 жаңы мекеме кошулуп, ведомстволук уюмдардын жалпы саны 43кө жетти.

Коллегияда санариптештирүү маселелерине да өзгөчө көңүл бурулуп, курорттук жана санаторий мекемелерине заманбап технологияларды киргизүү, "Түндүк" мобилдик тиркемесин өркүндөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

"Жыйындын соңунда Каныбек Туманбаев финансылык тартипти бекемдөө, каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана ведомстволук уюмдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча жетекчилерге бир катар милдеттерди тапшырды", — деп айтылат маалыматта.






Президенттин Иш башкармасынын кирешеси 28 миллиард сомдон ашты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: